Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-ноябры № 34/5
Шамшы айылындагы эски кормо цехти оңдоп-түздөп элге кызмат көрсөтүү жөнүндө
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айылына караштуу Шамшы айыл башчысы Н.Көчөровдун маалыматын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шамшы айылындагы эски кормоцехти оңдоп-түздөп, элге кызмат көрсөтүү үчүн айыл тургуну Жапаров Эркинбекке 2 (эки) жылга арендага келишим түзүлүп берилсин.
2. Оңдолуп түздөлгөн эски кормоцехти элге кызмат көрсөтүүдө өз деңгээлинде иштетсе, (устакана, пескоблок, сварка иштери) узак мөөнөткө келишим түзүлүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жана аткартуу жагы Шамшы айылынын башчысы Н.Көчөровго тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |