Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-ноябры № 34/6
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында “Келечек” өнүктүрүү фондун уюштуруу жөнүндө
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 22-октябрындагы № 10-протоколундагы айыл өкмөттөрүнүн аймагында өнүктүрүү фондусун уюштуруп, Уставын жана буйругун бекитип иш жүргүзүү жөнүндө маалыматтарын берди, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында “Келечек” Өнүктүрүү Фонду уюштурулуп ачылсын.
2. Кум-Дөбө айыл аймагынын өнүктүрүү фондусунун катчысы жана мүчөсү шайланып бекитилсин.
3. “Келечек” өнүктүрүү фондусунун байкоочу кеңеши 7 (жети) адамдан түзүлсүн.
4. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтү жаңы уюштурулган “Келечек” өнүктүрүү фондусуна атайын кабинет жана инвентарь менен камсыз кылып берүү жагы ФЭБ башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы айылдык кеңешинин төрагасы А.Өмүровго тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |