Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-ноябры № 34/7
Кум-Дөбө айыл аймагына караштуу Кум-Дөбө айылындагы курулуп жаткан бала бакчага дем берүүчү гранттардын эсебинен бүтө элек бөлүмдөрүн бүткөрүү жөнүндө
Кум-Дөбө айыл аймагына караштуу Кум-Дөбө айылындагы курулуп жаткан бала бакчага деп берүүчү гранттын эсебинен 3 294740 (үч миллион эки жүз токсон төрт миң жети жүз кырк) сомго бүтө элек бөлүмдөрүн бүткөрүүгө өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өздүк салым үчүн 20 пайыз 658950 (алты жүз элүү сегиз миң тогуз жүз элүү) сомду айыл өкмөтүнүн бюджетинен нак акчалай түрүндө Кум-Дөбө айыл аймагына караштуу Кум-Дөбө айылындагы курулуп жаткан бала бакчанын бүтө элек бөлүмдөрүн бүткөрүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралып, бөлүнүп берилсин.
2. Бул акча каражатын каржылап берүү жагы ФЭБ башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Өмүров |