Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 35/1
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылышын, 2020-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2021-2022- жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VI - чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2020-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2021-2022- жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси Б.Тажиевдин отчётун, айылдык кенештин экономика, бюджет, салык боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелер 18 627.9 мин сомго, чыгашалар 23 141.5 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2020-жылга Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 20 484.3 мин сом, мунун ичинен жергиликтүү салыктан түшүүчү кирешелер 8 345.5 мин сом, теңдештирүү грант 12 138.8 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2020-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелери теңдештирүүчү гранттардан жана жергиликтүү бюджеттен түшө турган кирешелеринин эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
Подох. салыгы- 2 850.0 миң сом
Милдеттүү патент салыгы- 1.2 миң сом
Ыктыярдуу патент салыгы- 250.0 миң сом
Кыймылсыз мүлккө салык- 5.0 миң сом
Транспорт салык- 612.0 миң сом
Огород салык- 410.0 миң сом
Айыл чарба жеринен салык- 638.5 миң сом
Айыл чарба эмес багыттагы салык-81,1 миң сом
Сатуудан түшкөн салык- 40,0 миң сом
Роялти- 595.5 миң сом
Лизенция- 1500,0 миң сом
Жайыт акысы- 315.6 миң сом
ФПС аренда акысы- 352.7 миң сом
Атайын каражат- 645.0 миң сом
Баары - 8 296.6 миң сом
- теңдештирүүчү грант- 12 138.8 мин сом.
Жалпысы- 20 484.3 мин сом.
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга чыгымдар бөлүгү:
- башкаруу аппаратына- 14 184.0 мин сом.
- агартуу тармагына- 5 000,0 мин сом
- маданият тармагына- 1 300,3 мин сом.
Баары- 20 484.3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2021-жылга болжолдуу бюджетинин долбоору киреше бөлүгү 20 365.9 мин сом жана чыгымдар бөлүгү өкмөтүнүн 2021-жылга болжолдуу бюджетинин долбоору киреше бөлүгү 20 365.9 миң сом суммасында, ошондой эле 2022-жылга киреше бөлүгү 20 705.8 миң сом жана чыгымдар бөлүгү 20 705.8 миң сом суммасында бекитилсин.
4. 2020-жылдын киреше бөлүгүнүн бардык түрүнүн толук аткарылышын камсыз кылуу жагы салык инспекторлор К.Абдраимова, Ж.Романова, Ж.Дуйшөкулова, А.Касмалиеваларга тапшырылсын.
5. Бул боюнча үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевге жана ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү комитетине тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |