Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 35/2
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан каржыланган максаттуу трансферти өздөштүрүү жөнүндө
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевдин маалыматын, айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан максаттуу трансферт катары каржыланган 200 000 (эки жүз миң) сом каражатты төмөндөгү чыгымдоо статьяларына
2111- эмгек акы 170 600 (бир жүз жетимиш миң алты жүз) сом
2121- соц. фонд 29 400 (жыйырма тогуз миң төрт жүз) сом.
2. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине жана тех. Кызматкерлерине каржылап берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кочкор башкармалыгынын башчысы Т.Калчаевден суралсын.
3. Жогорудагы көрсөтүлгөн чыгымдоо статьяларына ылайык 200 000 (эки жүз ) миң сомду өздөштүрүп чыгымдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевге, ФЭБ башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Өмүров |