Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 35/3
ЖПБнин төрагасы К.Жукешовдун 2019-жылдагы аткарып келген иштери боюнча маалымат жөнүндө
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн ЖПБнин төрагасы К.Жукешовдун маалыматын, угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЖПБнин төрагасы К.Жукешовдун бир жылда иштеген иштеринде бир кыйла кетирген кемчиликтери, мал баккан чабандар менен түзүлгөн келишимдер такталбай, квартал сайын пландары аткарылбай келгендигин эске алуу менен 20-январь 2020-жылга чейин мөөнөт берилсин.
2. Жогорудагы убагында аткарылбай келсе административдик чара көрүү жагы айыл өкмөт башчысы М.Асанбаевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |