Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-декабры № 1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Сабыржанов Эркинбек Мэражидиновичтин айыл өкмөттүн 2020-жылга карата бюджетинин долбоору боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 36-сессиясынын кезектеги отуруму карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 42783400 сом болуп бекитилип, ал эми бюджетинин чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй бөлүнүп жумшалсын
- аппарат 11726081 сом
- аппарат атайын каражатка 75000 сом
- ЖКХ 9581379 сом
- коргонуу 550000 сом
-мектептерге 6258172 сом
-маданий иш чараларга 615000 сом
- бала бакчаларга 9927600 сом
-бала бакча атайын каражатка 2216000 сом
-клубтарга 599529 сом
-китепканаларга 467939 сом
-жайытка 426700
-социалдык коргоого 340000 сом бөлүнүп жумшалсын.
2. Корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, дары дармек жана тамак-аш азыктарын сатып алуу, көмүр отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
3. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аппаратына 30 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 3 штат.Клубтарга 6 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 3 штат.Китепканаларга 4 штаттык бирдик каралсын.
4. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 1 ветеринеардык врач бир жылга контрактык негизде алынсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өнөр-жай курулуш, транспорт, соода байланныш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Сабыржановко жүктөлсүн.
6. Ушул Токтом расмий жарыяланууга жатат жана 2019-жылдын 24-декабрынан тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н. Маматназаров |