Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-декабры № 2
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Сабыржанов Эркинбек Мэражидиновичтин дем берүү үчүн Республикалык бюджеттен 306,2 миң сом акча каражаты бөлүнгөнүн жана ушул акча каражатты айыл өкмөттүн 2019-жылдагы бюджетине толуктоо боюнча сунуштарын Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 36-сессиясынын кезектеги отуруму карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн бюджетине дем берүү үчүн Республикалык бюджеттен түшкөн 306,2 миң сом акча каражаты 2019-жылдын бюджетине толукталып турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн 3111 беренесине жумшалсын.
ЖКХ 306,2 миң сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |