Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-декабры № 4
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу А.Мурзакулов атындагы орто мектебинин жер аянтына кичи футбол аянтчасын куруу жөнүндө
Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаты С.Мойдуновдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу А.Мурзакулов атындагы орто мектебинин жер аянтына кичи футбол аянтчасын куруу боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 36-сессиясынын кезектеги отуруму карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дароот-Коргон айылындагы А.Мурзакулов атындагы орто мектебинин жер аянтына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн өздүк салымга айыл өкмөттүн 2020-жылдын бюджетинен 3111 статьясынан 655414 сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет жана социалдык- экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |