Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин жыл ичинде аткарылышын кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Сабыржанов Эркинбек Мэражидиновичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы тууралуу Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 37-сессиясынын кезектеги отуруму карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 42485200 сомго ал эми чыгаша бөлүгү 42694381 сомго бекитилип төмөнкүдөй бөлүнүп
-аппаратка 12411978 сом
-апаратка атайын каражаттан 110535 сом
-жайытка 472300 сом
-жайытка атайын каражаттан 58800 сом
- ЖКХ 9779496 сом
-коргонууга 215690 сом
-мектептерге 6199594 сом
-маданий иш чараларга 502700 сом
- бала бакчаларга 8018434 сом
-бала бакчага атайын каражаттан 1905686 сом
-китепканаларга 502077 сом
- клубтарга 518391 сом
- компенсацияга 1648700
- социалдык коргоого 350000 сом жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |