Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 2
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинен калган акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Сабыржанов Эркинбек Мэражидиновичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин калган акча каражатын бөлүштүрүү боюнча долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 37-сессиясынын кезектеги отуруму карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинен калган 1783735 сом акча каражаты 2020-жылдын бюджетине өткөрүлүп берилсин жана төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.
- аппаратка 233581 сом
- ЖКХ 1183335 сом
- мектептерге 174819 сом
- бала бакчаларга 192 000 сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |