Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 3
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө ТИК «Кайди» алтын ылгоочу ЖЧК комбинаты тарабынан социалдык пакеттен түшкөн акча каражатынын 2019-жыл ичинде аткарылышын кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Сабыржанов Эркинбек Мэражидиновичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнө ТИК «Кайди» алтын ылгоочу ЖЧК комбинаты тарабынан социалдык пакеттен түшкөн акча каражатынын 2019-жыл ичинде аткарылышы боюнча билдирүүсүн Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 37-сессиясынын кезектеги отуруму карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетине ТИК «Кайди» алтын ылгоочу ЖЧК комбинаты тарабынан социалдык пакеттен түшкөн киреше бөлүгү 12141321 сомго толукталып ал эми чыгаша бөлүгү 1773664 сомго аткарылып төмөнкүдөй бөлүнүп
-иш кагаздарын даярдоого 33702 сом
-спорт комплекске буу казан сатып алууга 100000 сом
-Кызыл-Туу айылындагы бала бакчанын курулушуна 1252269 сом
-Кыр-Арык участкасындагы бала бакчанын курулушуна 387693 сом
жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |