Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 4
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө ТИК «Кайди» алтын ылгоочу ЖЧК комбинаты тарабынан социалдык пакеттен түшкөн акча каражатынын 2019-жылдан калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Сабыржанов Эркинбек Мэражидиновичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнө ТИК «Кайди» алтын ылгоочу ЖЧК комбинаты тарабынан социалдык пакеттен түшкөн акча каражатынын 2019-жылдан калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 37-сессиясынын кезектеги отуруму карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетине ТИК «Кайди» алтын ылгоочу ЖЧК комбинаты тарабынан социалдык пакеттен 2019-жылдан калган 10367657 сом акча каражаты 2020-жылдын бюджетине өткөрүлүп берилсин жана төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.
-иш кагаздарын даярдоого 267657 сом
-спорт комплекске инвентар жана буу казан сатып алууга 900000 сом
-Дароот-Коргон айылынын Кара-Кыя участкасындагы сатып алынган бала бакчанын ремонтуна 400000 сом
-Кыр-Арык участкасындагы бала бакчанын курулушуна 2000000 сом
-Дара-ПМК каналына труба отургузууга 3000000 сом
-Жар-Башы айылындагы Тараша каналын курууга 3000000 сом
-Кызыл-Эшме айылынын спорт залына инвентар алууга 300000 сом
-таза суу түтүгүн ремонттоо 500000
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |