Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 5
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы «Таза суулар» муниципалдык ишканасынын 2019-жылда жүргүзгөн ишмердүүлүгүн кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана «Таза суулар» муниципалдык ишканасынын башчысы Амираев Топчубай Орозбаевичтин «Таза суулар» муниципалдык ишканасынын 2019-жылда жүргүзгөн ишмердүүлүгүн талкуулап Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 37-сессиясынын кезектеги отуруму карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн «Таза суулар» муниципалдык ишканасынын башчысы Т.Амираевдин 2019-жылдагы жүргүзгөн ишмердүүлүгү канааттандыраарлык деп бекитилсин.
2. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн «Таза суулар» муниципалдык ишканасынын ишин жандандыруу ошондой эле Дароот-Коргон, Кызыл-Туу айылдарынын ички көчөлөрүнө таза сууну толук кандуу киргизүүнү колго алуу жагы муниципалдык ишкананын башчысы Т.Амираевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |