Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 6
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышын кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын жайыт тармагы боюнча 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 37-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин
2019-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 607020 сомго ал эми чыгаша бөлүгү 607020 сомго бекитилип төмөнкүдөй бөлүнүп
- инфраструктураны өнүктүрүүгө 204090 сом
- социалдык чегерүүгө 32430 сом
- сапар чыгымына 25000 сом
- жайыттарга бару үчүн сапар чыгымдарына 20000 сом
- концелярдык чыгымдарга 7000 сом
- төраганын эмгек акысына 140000 сом
- бухгалтердин эмгек акысына 48000 сом
- жер салыгына 130500 сом жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |