Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 7
Жайыт комитетинин 2019-жылдагы атайын каражатынан калган калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун жана жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын жайыт тармагы боюнча 2019-жылдагы бюджетинен атайын каражатынан калган акча каражатын 2020-жылга карата долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 37-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2019-жылдагы атайын каражатынан калган 10020 сом акча каражаты 2020-жылдын бюджетине өткөрүлүп төмөнкүдөй жумшалсын
- жайыт комитетинин атайын каражатына 10020 сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |