Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 8
Чоң-Алай токойчулугунун башчысы К.Жапаровдун Чоң-Алай мамлекеттик паркын уюштуруу жөнүндө сунуш катын кароо жөнүндө
Чоң-Алай токойчулугунун башчысы Жапаров Канкелди Сүйүнбаевичтин Чоң-Алай мамлекеттик паркын уюштуруу боюнча сунушун талкуулап Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 37-сессиясынын кезектеги отуруму карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңыдан уюшулуп жаткан Чоң-Алай Мамлекеттик паркына Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү калкы жайыт, жайлоо катары пайдаланган жерлерден сырткары жайгашкан кар, мөңгү баскан аска зоолордон 11,0 миң гектарга чейин жер аянттарын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык берүүгө макулдук берилсин.
2. Берилүүчү жер аянттарын тактоо (карта, схема, аянтынын өлчөмүн) жер мыйзамдарына ылайык иш алып баруу Чоң-Алай айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |