Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 9
Чоң-Алай райондук ветеринардык ассосациясынын башчысы У.Топчубаевдин сунуш катын кароо жөнүндө
Чоң-Алай райондук ветеринардык ассосациясынын башчысы У.Топчубаевдин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке ветеринардык сервистердин акы алып кызмат көрсөтүү боюнча 2020-жылга баасын макулдашуу боюнча сунушун талкуулап Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 37-сессиясынын кезектеги отуруму карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай райондук ветеринардык ассосациясынын жеке ветеринардык сервистердин акы алып кызмат көрсөтүү боюнча 2020-жылга карата түзгөн баалары № 1-тиркемеге ылайык макулдашылсын.
2. Макулдашылган бааларды монополияга каршы көзөмөлдөө органдарынан бааларды бекитүү Чоң-Алай райондук ветеринардык ассосациясынын башчысы У.Топчубаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |