Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 11
Кызыл-Бел участкасынын башкы планын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 37-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон айылынын Кызыл-Бел участкасынын башкы планында көрсөтүлгөн № 2,3,4 участокторунун максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Максаттык багыты өзгөртүлгөн 700,0 м2 жер аянтына Чоң-Алай райондук сотуна кызматтык үй куруу үчүн берүүгө макулдук берилсин.
3. Максаттык багыты өзгөрүлгөн жер аянттарынын иш кагаздарын жер мыйзамдарына ылайык тактоо Чоң-Алай айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер роформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясыны тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |