Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 12
Юридикалык жана физикалык жактардан алынуучу таштанды салыгын бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана жыйымдар боюнча башкы адис Абжамилов Абдималик талиповичтин сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 37-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардан юридикалык жактардан алынуучу таштанды салыгы 100 сомдон ал эми физикалык жактардан алынуучу таштанды салыгы 80 сомдон болуп бекитилсин.
2. Ал эми айыл чарбасы эмес жер салыгы, эшик алды (физикалык) үлүш жер салыктары мурунку тарифинде калтырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер роформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясыны тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |