ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чон-Алай айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын 37-сессиясынын кезектеги отуруму
2020-жылдын 23-январы № 13
Кызыл-Суу дарыясын бекемдөө үчүн дамба курууга Дара участкасынан таш алууга жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 37-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон айылындагы Кызыл-Суу дарыясынын жээктерине дамба курууга таш алуу үчүн Дара участкасынан тактап айтканда 1242 контурунан 0,50 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Дара участкасынан таш алынуучу жер аянтын жана тиешелүү иш кагаздарын жер мыйзамдарына ылайык тактоо Чоң-Алай айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин .
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер роформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |