Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-октябры №82
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Баткен райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын ортосундагы типтүү келишимин бекитип берүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Баткен райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын ортосундагы типтүү келишимди бекитип берүү жөнүндө Кара-Бак айылдык Кеңешинини VI чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтү менен Баткен райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык министрлиги тарабынан өткөрүлүп берилүүчү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн айыл өкмөтүнун штаттык тизмесинен эки штат бирдиги башкы адис жана жетектөөчү адис бөлүнсүн.
3. Өткөрүлүп берилүүчү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга кеткен чыгымдар Республикалык бюджеттен бөлүнүүчү трансферттердин эсебинен каржылана тургандыгы белгиленсин.
Төрага | А. Каламбеков |