Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры №85
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Кызыл, Бай-Кара-Бак жана Дөбө айылдарында жашаган тургундарга таза суу тартуу максатында Алты-Адыр участкасынан скважина куруу үчүн 100 м2 жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Кызыл, Бай-Кара-Бак жана Дөбө айылдарында жашаган тургундарга таза суу тартуу максатында Алты-Адыр участкасынан 100 м2 жер аянты скважина куруу үчүн Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А. Каламбеков |