Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры №86
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата такталган бюджетинин бекитүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата такталган бюджетинин бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, 2020-жылга карата такталган бюджети төмөнкүдөй тартипте бекитилсин.
2. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, 2020-жылга карата такталган бюджетинин жалпы киреше бөлүгү 21791,6 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 21791,6 миң сом суммасында бекитилсин.
3. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 10432,5 миң сом суммасында бекитилсин.
4. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетине, Республикалык бюджетинен түшүүчү тендөөчү гранттын суммасы 11359,1 миң сомго бекитилсин.
5. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, 2021-жылга карата болжолдуу бюджетинин жалпы киреше бөлүгү 21215,1 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 21215,1 миң сом суммасында бекитилсин.
6. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, 2022-жылга карата болжолдуу бюджетинин жалпы киреше бөлүгү 22028,1 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 22028,1 миң сом суммасында бекитилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Каламбеков |