Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры №87
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кара-бак айылынын тургуну Дүйшөев Эсенали Абдикалыковичдин өз арызынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 27.06.2003-жылы №6-130 сандуу токтому менен 141-катарда турак жай куруу үчүн берилген 0,10 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дүйшөев Эсенали Абдикалыковичге Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 27.06.2003-жылы №6-130 сандуу токтому менен 141-катарда турак жай куруу үчүн берилген 0,10 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак жай фондуна кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А. Каламбеков |