Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры №88
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кара-Бак айылынын тургуну Ганыев Салынын өз арызынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан 01.03.2002-жылы №3-27а сандуу токтому менен 32-катарда турак жай куруу үчүн берилген 0,15 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ганыев Салы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 01.03.2002-жылы №3-27а сандуу токтому менен 32-катарда турак жай куруу үчүн берилген 0,15 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак жай фондуна кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А. Каламбеков |