Редакцияот 10.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 24-сессиясы

 

2019-жылдын 10-декабры №24/4

Жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу жана төлөм акыларынын чогултулушу боюнча ЖПБнин жетекчисинин отчету жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Кара-Бүргөн айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу жана төлөм акыларынын чогултулушу боюнча ЖПБнин жетекчиси Б.Чылымдаевдин жүргүзүп жаткан иштери канааттандыраарлык деп табылсын.

2. ЖПБнин пайдалануусундагы эксковатор ЖПБнин жеткчисинин уруксаты жок пайдаланууга жол берилбесин.

 

Төрага

Г. Каналиева