Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-декабры №24/11
Кара-Бүргɵн айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2020-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Үлүштүк дем берүүчү гранттары жөнүндөгү №230 токтомунун негизинде Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылана турган Кара-Бүргөн айыл аймагынын “Жамал апа” балдар бакчасынын имаратын кеӊейтүү эӊ көйгөйлүү деп табылсын.
2. Үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылана турган Кара-Бүргөн айыл аймагынын “Жамал апа” балдар бакчасынын имаратын кеӊейтүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары 465043 сом акча каражаты 2020-жылдын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Г. Каналиева |