Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы №27/5
Муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрин бекитүү жөнүндө
Муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын токтомдорунун талаптарына ылайык, Кара-Бүргөн айыл өкмөтүндө көрсөтүлүүчү муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестринин сунушталган долбоорунун негизинде Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 27-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүндө муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестри тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
Төрага | Т.Жузупбеков |
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин
30-январь 2020-жылдагы №27/5
токтому менен бекитилген
Кара-Бүргөн айыл аймагы боюнча муниципиалдык кызмат көрсөтүүнүн кошумча реестри.
№ | Муниципалдык кызматтардын аталышы | Муниципалдык кызматтарды стандартташтырууга жооптуу органдын аталышы | Муниципалдык кызматты ишке ашыруучу органдын аталышы | Кызматты көрсөтүүнүн шарттары (акылуу же акысыз) |
1 | Турак-жайынын жана жер үлүштөрүнүн коңшулар ортосундагы чек араларын аныктоо | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
2 | Жардамга муктаж, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ар кандай социалдык жардамдарды берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
3 | Кургак учук оорусу менен ооруган жарандар үчүн дарыланууга баруу үчүн жол акысын төлөп берүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
4 | Томолой жетим жана жарым жетим балдарга ар кандай социалдык жардамдарды көрсөтүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
5 | Үйүнөн тейленген жарандарга ар кандай социалдык жардамдарды көрсөтүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз |
6 | Калкка маданий-агартуучулук иш-чараларды уюштуруу | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз
|
7 | ЧАЭС апаатынын, Авган согушунун катышуучуларына жана Баткен коогалаӊынын катышуучуларына ар кандай социалдык жардамдарды көрсөтүү | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз
|
8 | Энелер күнүнө жана 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата маданий иш-чараларды уюштуруу | Айыл өкмөтү | Айыл өкмөтү | Акысыз
|
Кара-Бүргөн
айыл аймагынын айыл өкмөт
башчысы:- Н.Соодонбеков