Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы №27/6
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш планы жөнүндө
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш планы бекитилсин.
1-квартал.
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2019-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө.
М.Базаркулов атындагы орто мектебинин окуучуларына 1-4-класстардын окуучуларына шашке тамагынын берилишинин абалы туурасында мектеп директорунун отчету.
2-квартал.
Маданият жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында айылдык маданият үйүнүн башчысынын отчету.
Калктын саламаттыгын жакшыртуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында №4 ҮДТ жетекчисинин отчету.
3-квартал.
Жаш өспүрүмдөргө билим, тарбия берүү жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында «Жамал апа» бала бакчасынын директорунун отчету.
Калкты таза суу менен камсыз кылууда аткарылып жаткан иштер туурасында «Жеңиш-Саз» ИСКАКБнын жетекчисинин отчету.
Калкты пения, пособие, ММК менен камсыз кылууда аткарылып жаткан иштер боюнча байланыш бөлүмүнүн жетекчисинин отчету.
4-квартал.
Жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу жана төлөм акыларынын чогултулушу боюнча ЖПБнин жетекчисинин отчету.
Кара-Бүргөн айылын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2019-жыл ичинде аткарылган иштер туурасында айыл өкмөт башчысынын отчету жана келээрки жылга карата программасы жөнүндө.
Төрага | Т.Жузупбеков |