Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-февралы № 259/32-4
Жалпы пайдалуу аянты 4200 ч.м. болгон, Токмок ш., Ленин көчөсү, 105 дарегинде жайгашкан жер тилкесин Р-2 зонасынан Ж-1А зонасына которуу жана “Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок ш. биринчи вице-мэринин (К.К.Чотбаевдин) “Жаран Т.Т. Бекбоевдин жер тилкесинин зоналдык категориясын Р-2 категориясынан Ж-1А категориясына которуу боюнча” катын карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле “Токмок ш. курулуш жана жерди пайданалуу” комиссиясынын жана Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок ш. курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Токмок ш., Ленин көчөсү, 105 дарегинде жайгашкан, жаран Т.Т.Бекбоевдин жеке менчик укугундагы жер тилкеси Р-2 (рекреациялык-ландшафттык аймактардын зонасы) категориясынан Ж-1А (шаардын чет жактарындагы жеке усадьбалык турак-жай курулушунун зонасы) категориясына которулсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. А. Солтобаев |