Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-февралы № 257/32-4
Токмок ш. жергиликтүү бюджетинен 2020-жылдын 1-январына эркин калдыктын эсебинен 32 116,1 миң сом суммасында акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
2020-жылдын 1-январына акча каражаттарынын эркин калдыгын натыйжалуу жана сарамжалдуу колдонуу максатында, ошондой эле Токмок ш. мэриясы тарабынан берилген материалдарды карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколдорунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 78-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин акча каражаттарынан 2020-жылдын 1-январына эркин калдыктын эсебинен жалпы 32 116,1 миң сом суммасында Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу төмөнкү долбоорлорго чыгашаларды жүргүзүүгө макулдук берилсин:
- Токмок ш. боюнча көчө жарыктарынын аба линияларын төшөөгө (Жантаев көч. (темир жолдон баштап, Мичурин айылынын бурулушуна чейин), Жантаев көч. (“Токмок Водоканал” МИнын бурулушунан баштап, айланып өтмө жолго чейин), 22 Партсъезд көчөсү, Совет көчөсү, Парковая көчөсү боюнча) 7 363 273 (жети миллион үч жүз алтымыш үч миң эки жүз жетимиш үч) сом суммасында, “Имараттар жана курулмалар” 3111-беренесине;
- Токмок ш. боюнча светофордук объектердин капиталдык оңдоосуна (Жантаев менен Шамшы, Жантаев менен Заводская, Ленин менен Шамшы, Ленин менен Сарбагышев көчөлөрүнүн кесилишинде) 3 500 000 (үч миллион беш жүз миң) сом суммасында, “Имараттар жана курулмалар” 3111-беренесине;
- Токмок ш. боюнча көчө тактачаларын жасоого 655 430 (алты жүз элүү беш миң төрт жүз отуз) сом суммасында, “Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” 2215-беренесине;
- Токмок ш. 3-кичирайонун Орозбеков көчөсү боюнча көчө жарыктарын төшөөгө 1 620 438 (бир миллион алты жүз жыйырма миң төрт жүз отуз сегиз) сом суммасында, “Имараттар жана курулмалар” 3111-беренесине;
- Токмок ш. Жеңиш сквери паркынын аллеясын асфальттоого 6 200 000 (алты миллион эки жүз миң) сом суммасында, “Имараттар жана курулмалар” 3111-беренесине;
- Шамшы көчөсү боюнча (Дунларов көчөсүнөн Пушкин көчөсүнө чейин) толук асфальттоого 600 000 (алты жүз миң) сом суммасында, “Имараттар жана курулмалар” 3111-беренесине;
- Токмок ш. участкалык шайлоо комиссиясы боюнча пандустардын түзүлүштөрү үчүн 342 956 ( үч жүз кырк эки миң тогуз жүз элүү алты) сом суммасында, “Имараттар жана курулмалар” 3111-беренесине;
- Токмок ш. жер тилкелерине аэрофотосъемка жүргүзүү үчүн жана электрондук базаны тейлөө боюнча кызматтарды сатып алууга 6 000 000 (алты миллион) сом суммасында, “Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” 2215-беренесине;
- “Токмок Жылуулук” МИ үчүн №1 жана №2 жылуулук пункт аймагында кубаттуулугу 160 кВа трансформатордук подстанцияларын орнотууга 1 400 000 (бир миллион төрт жүз миң) сом суммасында, “Имараттар жана курулмалар” 3111-беренесине;
- Комплекттөөчү каражаттар менен көчө чырактарын сатып алууга 500 000 (беш жүз миң) сом суммасында, “Машиналар жана жабдуулар” 3112-беренесине;
2. Токмок ш. “Түндүк Электр” ААК Токмок РЭТтин алдындагы кредитордук карыздарды жабууга эркин калдыктардын эсебинен Токмок ш. ММБ аркылуу Токмок ш. Р.Ибрагимов 68, көчөсүндө жайгашкан турак эмес муниципалдык жайына керектелген элекроэнергиясы үчүн 100 000 (жүз миң) сом суммасында, “Коммуналдык кызматтар” 2231-беренеси боюнча макулдук берилсин.
3. Токмок ш. КИКтин алдындагы кредитордук карыздарды жабууга эркин калдыктын эсебинен Токмок ш. ММБ аркылуу 3 834 003 (үч миллион сегиз отуз төрт миң үч) сом суммасында, “Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” 2215-беренеси боюнча макулдук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкаркармалыгынын башчысы (Жумалиева Г.Т.) эркин калдыктын эсебинен бөлүнгөн акча каражаттарын ушул токтомдун 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн максаттуу багыттар боюнча гана жүргүзсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. А. Солтобаев |