Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры №18/3
«Айылды инвестициалоо-3» долбоорунун үчүнчү этабына коомчулукка тийиштүү айылдардагы социалдык жана экономикалык инфраструктураны жакшыртуу максатында түзүлгѳн конкурска катышууга ири жана кичи долбоорду сунуштоо жѳнүндѳ
АРИСтин «Айылды инвестициялоо-3» долбоорунун үчүнчү этабына ири жана кичи долбоорлорду сунуштоо жѳнүндѳ айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровдун маалыматын угуп, айылдык Кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИСтин айылды инвестициалоо долбоорунун үчүнчү этабына коомчулукка тийиштүү
айылдардагы социалдык жана экономикалык инфрастуктураны жакшыртуу максатында
ѳтүлгѳн конкурска катышуунун алкагында фокус топтордон айылдык жана айыл
аймактык жыйындарда келип чыккан тѳмѳндѳгү сунушталган сунушу жактырылсын:
-Ири долбоор катары - Жаны-Арык айылына бала бакча салуу.
-Кичи долбоор катары - Жаны-Арык айылындагы бала бакчаларга жабдууларды алуу.
2. Жактырылган долбоорлор АРИСтин АИД-3 этабынын конкурсуна катышуу үчүн
облустук конкурстук комиссиясына сунушталсын;
3. Долбоорлор облустук конкурстук комиссияда жактырылса, 3,75% ѳздүк салымын
айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен карап берүүгѳ кепилдик берилсин;
4. Конкурска катышууга тийиштүү документтерди даярдоо жагы демилгелүү топтун
курамына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн башчысы
Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |