Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры №18/4
Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу «Кызарт» бала бакчасынын имаратынын капиталдык ремонтуна ѳздүк салымды кошуу жѳнүндѳ
Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу «Кызарт» бала бакчасынын имаратынын капиталдык ремонтуна ѳздүк салым кошуу жѳнүндѳ айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровдун кайрылуусун карап жана маалыматын угуп, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу «Кызарт» бала бакчасынын имаратын капиталдык ремонттон ѳткѳрүү үчүн дем берүүчү грантка жазылган ѳздүк салым үчүн Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн 2018-жылдагы үнѳмдѳлгѳн каражатынан 225381 (эки жүз жыйырма беш миң үч жүз сексен бир) сом 43 (кырк үч) тыйын которулуп берилсин;
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы Т.Султанкадыровго жүктѳлсүн;
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |