Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры №18/5
Жаны-Арык айыл аймагында айдоо жерлерди трансформацияга сунуштоо жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 31.10.2018-жылдагы №512 токтомундагы «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлѳрүнѳ которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнѳ киргенге чейин жеке турак үйлѳр курулуп калган же жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү жѳнүндѳ токтомунун негизинде, Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Арык айыл аймагындагы калк отурукташып калган тѳмѳндѳгү участкаларда
жайгашкан 65 га жер аянты калктуу конушка которууга (трансформациялоого)
сунушталсын:
1). №633 контурундагы «Уу кампанын үстү» участогундагы- 7 га жер аянты;
2). №981 контурундагы «Мусакожонун секиси» участкасындагы 12,7 га жана №1348 контурундагы 3,3 га жер аянттары;
3) №387 контурундагы «Кѳк-Жардын асты» участкасындагы 3,5 га жер аянты;
4) №1116 контурундагы «Кара-шаар» участкасындагы 8,2 га, №1147 контурундагы 1,3 га, №1150 контурундагы – 1,3 га, №1152 контурундагы 2,3 га, №1127 контурундагы 5,3 га жана №1115 контурундагы – 14,8 га жер аянттары;
5) №1279 бирдейлешкен кодундагы «Гараждын ичи» участогундагы – 5,3 га жер аянты.
2. Бул токтомдун негизинде, трансформацияга тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы
Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси К.Кѳктаевке тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн башчысы
Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |