Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-февралы № 19/1
Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылга аткарылышын, 2019-жылга бюджетин бекитүү жана 2020-2021-жылдарга бюджетинин долбоору жѳнүндѳ
“Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын сунушун эске алып жана айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы Т.Султанкадыровдун маалыматын, айылдык Кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Арык айылдык Кенешинин XXVII-чакырылышынын 28.02.2017-жылдагы IV-кезексиз сессиясынын №6/1 токтому менен 2017-жылга тѳмѳндѳгүдѳй бюджеттик кирешелер жана чыгашалар бѳлүгү бекитилген:
Кирешелер бѳлүгүнѳ: Кирешеден – 1714,7 мин сом
Тендештирме гранттан – 4697,4 мин сом
Жалпы киреше бѳлүгүнѳ – 6412,1 мин сом
Чыгаша бѳлүгүнѳ:
АУПга – 4649,5 мин сом
Маданиятка – 488,1 мин сом
Билим берүүгѳ – 1149,7 мин сом
Соц.коргоо боюнча – 20,0 мин сом
Бала бакчага – 366,0 мин сом
Жалпысы – 6412,1 мин сом
2017-жылга каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлүгү тѳмѳндѳгүдѳй аткарылган:
Киреше бѳлүгүнѳ: Кирешеден – 2266,5 мин сом
Тендештирме гранттан – 4694,4 мин сом
Средство передаваемые – 2222,3 мин сом:
- Электр энергияга болгон женилдик элге – 671,7 мин сом
- бюджеттин жетишсиздиги үчүн кошумча – 1000,0 мин сом
- статистин эмгек акысы – 191,4 мин сом
- АУПка айлык кѳбѳйгѳндүктѳн – 359,2 мин сом
Жалпысы – 9183,2 мин сом
Чыгаша бѳлүгүнѳ: АУПка – 5203,5 мин сом
Маданиятга – 485,1 мин сом
Билим берүүгѳ – 787,5 мин сом
Соц.защита – 691,7 мин сом
Бала бакчага – 499,1 мин сом
Жайыт – 67,6 мин сом
Жалпысы – 7734,5 мин сом
Жогорудагы 2017-жылдын бюджетинин киреше бѳлүгүнүн аткарылышы 9183,2 мин сомго жана чыгаша бѳлүгү 7734,5 мин сомго бекитилсин.
1-январь 2018-жылга кирешеден ашкан сумма 405224 сом 46 тыйын
2. 2019-жылга Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлүгүнѳ тѳмѳндѳгүдѳй каралган:
Киреше бѳлүгүнѳ: Кирешеден – 2499,1 мин сом
Тендештирме гранттан – 5424,3 мин сом
Жайыт акысы- 442,0 мин сом
Киреше бѳлүгүнѳ – 8365,4 мин сом
Чыгаша бѳлүгүнѳ: АУПка – 5813,0 мин сом
Клубга – 436,3 мин сом
Библиотекага – 135,7 мин сом
Соц.коргоо боюнча – 46,0 мин сом
Билим берүүгѳ – 917,7 мин сом
“Кызарт” бала бакчасына – 294,1 мин сом
“Кызарт келечеги” бала бакчасына – 252,3 мин сом
“Кызарт – Тан нуру” бала бакчасына – 243,7 мин сом
Жайыт – 442,0 мин сом
Жалпысы чыгаша бѳлүгүнѳ: 8580,3 мин сомго бекитилсин
3. 2020-жылдын киреше-чыгашасы 8685,8 мин сом
Анын ичинен: Кирешеден – 3305,1 мин сом
Тендештирме гранттан – 5380,7 сом
4. 2021-жылдан киреше-чыгашасы – 8725,3 мин сом
Анын ичинен: Кирешеден – 3690,1 мин сом
Тендештирме гранттан – 5035,2 мин сом
5. Биринчи кезекте корголгон беренелер (эмгек акы, соц.фонд) жана коммуналдык чыгашалар каржылансын;
6. Бѳлүнгѳн каражаттар ѳзүнүн статьялары менен чыгымдалсын;
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |