Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-февралы № 19/2
Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдагы кирешеден ашкан сумманы карап, чыгымдарын аныктоо жѳнүндѳ
“Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын сунушун эске алып жана айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы Т.Султанкадыровдун маалыматын, айылдык Кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн 1-январь 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгашасынан ашкан 1117547 сом 29 тыйын тѳмѳндѳгүдѳй чыгымдарга бѳлүнсүн:
2224 – статьясы боюнча – Мектептин кѳмүрү үчүн – 215,4 мин сом
2215-статьясы боюнча – Айыл аймагындагы 2 мектепке видео кѳзѳмѳл
орнотууга – 100,0 мин сом.
статьясы боюнча – Калк отурукташып калган жерлерди трансформациялоого керектелүүчү каражат – 132,2 мин сом;
2215 – статьясы боюнча – 1С программасын орнотууга – 26,0 мин сом
3111 - “Кызарт” бала бакчасынын долбоору ѳткѳндүктѳн ѳздүк салым үчүн – 200,0 мин
сом
2222 – статьясы боюнча - Трансформатор алууга – 250,0 мин сом
2215 - статьясы боюнча - А.Идинов орто мектебинин печкаларынын морлорун
жаныртууга – 40,0 мин сом
2215 - ҮДТ имаратынын имаратын жылуулоого – 50,0 мин сом
2215 – статьясы боюнча - Бала бакчанын сметасын түздүрүүгѳ – 20,0 мин сом
2215 – статьясы боюнча - “Кызарт – Таң нуру” бала бакчасына суу киргизүүгѳ – 25,0 мин
сом
2211 – статьясы боюнча Кѳк-Бѳрүчүлѳргѳ командировкалык чыгымына – 20,0 мин сом
2212 – статьясы боюнча - А.Идинов орто мектебине интернет үчүн – 13,0 мин сом
2215 - Эл каттоого – 25947 сом 29 тыйын
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго жүктѳлсүн.
Төрага | К. Саралаев |