Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-февралы № 19/3
Жаны-Арык айыл аймагында жайгашкан А.Идинов атындагы орто мектебинин 1937-жылы курулган авариялык абалдагы № 1 корпусун айыл ѳкмѳтүнүн балансасынан чыгарып бузууга уруксат берүү жѳнүндѳ
Жаны-Арык айыл аймагындагы А.Идинов атындагы орто мектебинин директору К.Кыдыралиевдин 22-февраль 2019-жылдагы кайрылуусун карап, Жаны-Арык айыл аймагынын депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, ушул корпустун техникалык абалын жеринен кароо жѳнүндѳ 08.02.2017-жылдагы актысынын жана“Аблай” ЖЧКсынын 15.03.2018-жылдагы техникалык бүтүмүнүн негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Арык айыл аймагындагы А.Идинов атындагы орто мектебинин 1937-жылы
салынган авариялык абалдагы №2 корпусу, ушул корпустун техникалык абалын
жеринен кароо жѳнүндѳ 08.02.2017-жылдагы актысынын жана “Аблай” ЖЧКсынын
15.03.2018-жылдагы техникалык бүтүмүнүн негизинде айыл ѳкмѳтүнүн балансасынан
чыгарылып, бузууга уруксат берилсин;
2. Бул окуу корпусунун бардык курулуш материалдары жараксыз абалда
болгондуктан, жергиликтүү түзүлгөн комиссиянын актысынын негизинде курулуш
материалдары жараксыздыкка (списание) чыгарылып, имараттын орду толугу
менен тазаланып жаны салына турган имарат үчүн даярдалып берилсин;
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл
ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |