Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-апрели №20/3
Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мини-ХОВО автоунаасынын айыл тургундарына кызмат көрсөтүү боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө
Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Түгөлбековдун сунушун карап, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мини-ХОВО автоунаасынын кайрылган айыл тургундарына кум-шагыл, топурак ж.б. материалдарды ташып берип кызмат көрсөтүүдөгү 1 жолку рейси 500 сом өлчөмүндө бекитилсин (майы ичинде);
2. Эгерде кум-шагыл, топурак түшүрүп берүүгө айыл тургундары кайрылса жайыт пайдалануучулар бирикмесинин экскаваторуна жүктөтүп үйүнө түшүрүп берип кызмат көрсөтүүсү 1000 (миӊ) сом өлчөмүндө бекитилсин (майы ичинде);
3. Бул токтом айыл аймагынын бардык тургундарына тааныштырылсын;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы А.Түгөлбековго тапшырылсын.
Төрага | К. Саралаев |