Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-декабры №23/1
Жаны-Арык айыл аймагындагы «Жаны-Арык балдар искусство мектебинин» имаратынын капиталдык ремонтуна өздүк салымды кошуу жөнүндө
Жаны-Арык айыл аймагындагы «Жаны-Арык балдар искусство мектебинин» имаратынын капиталдык ремонтуна өздүк салым кошуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Молдобазаровдун кайрылуусун карап жана маалыматын угуп, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Арык айыл аймагындагы «Жаны-Арык бадар искусство мектебинин» имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн 2019-жылы үнөмдөлгөн каражатынан 1100000 (бир миллион бир жүз миӊ) которулуп берилсин;
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Султанкадыровго жүктөлсүн);
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |