Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-декабры №23/2
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен келген 306,1 мин сомду беренелерге бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.12.2019-жылдагы №458-р тескемесине ылайык, КР Финансы министрлиги тарабынан айыл өкмөтүнүн бюджетине берилген шыктандыруучу (жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүлгөндүгүнө байланыштуу) акча каражатын беренелерге бөлүштүрүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Молдобазаровдун кайрылуусун карап жана маалыматын угуп, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.12.2019-жылдагы №458-р тескемесине ылайык, КР финансы министрлиги тарабынан айыл өкмөтүнүн бюджетине берилген шыктандыруучу (жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүлгөндүгүнө байланыштуу) акча каражатын төмөндөгүдөй беренелерге бөлүштүрүлсүн:
3112 беренеси боюнча - компьютер алууга 90,0 миӊ сом
3112 беренеси боюнча – ноутбук алууга 25,0 мин сом
3112 беренеси боюнча – Айыл өкмөтүнүн конторасына стул алууга – 35,1 мин сом
3112 беренеси боюнча - Р.Солтонбеков атындагы орто мектебине жылытуу системасына насос алууга – 15,0 миӊ сом
3111 беренеси боюнча - «Жаны-Арык балдар искусство мектебине» имаратын капиаталдык ондоо үчүн долбоорду өткөрүү үчүн смета түздүрүүгө – 25,0 мин сом
3111 беренеси боюнча - Жарыктандыруунун өздүк салымына – 56,0 мин сом
3112 беренеси боюнча - Айыл өкмөтүнүн конторасына жана «Кызарт» бала бакчасына генератор алууга – 30,0 миӊ сом
3111 беренеси боюнча- Клубдагы спорттук залга топка салууга – 25,0 миӊ сом
2215 беренеси боюнча - Көчөлөргө табличка жасатууга – 5,0 миӊ сом
Жалпысы: 306,1 мин сом.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Султанкадыровго жүктөлсүн;
3. ткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |