Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-декабры №23/3
Айыл аймагындагы калк ичүүчү таза сууну күнү-түнү агызып койгондорго көзөмөлдүктү күчөтүү жана мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүү максатында комиссия курамын түзүп, иш алып баруу жагын тапшыруу жөнүндө
Айыл аймагынын тургундарынын жазуу жана оозеки кайрылууларына ылайык, калк ичүүчү таза сууну короосунун ичине киргизген жарандар күнү-түнү агызып коюшкандыктан улам суунун басымы жоголуп тургундарга жетиштүү деӊгээлде жетпей жаткандыктан, айыл аймагы боюнча таза сууну агызып койгондорго көзөмөлдүктү күчөтүү жана кыдырып мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүү максатында айыл өкмөтү боюнча комиссия түзүү жөнүндө айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калк ичүүчү таза сууну короосунун ичине киргизген жарандар күнү-түнү агызып коюшкандыктан улам суунун басымы жоголуп тургундарга жетиштүү деӊгээлде жетпей жаткандыктан, айыл аймагы боюнча таза сууну агызып койгондорго көзөмөлдүктү күчөтүү жана кыдырып мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүү максатында айыл өкмөтү боюнча комиссия түзүп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго тапшырылсын;
2. Бул боюнча 3 жумушчу күндүн ичинде тиешелүү иштер жүргүзүлүп башталсын жана таза суунун линиясында жарылган, бузулган колонкаларды кайра ондоо боюнча иштер алынып барылсын;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |