Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-октябры № 27/6
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салык жаатындагы укуктук мамилелердин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү келишимин бекитүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнө мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн укуктук, уюштуруучулук жана каржылык, негиздерин ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 20-беренесинин 2-пункутуна жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесинин 3-пункутуна ылайык Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеӊеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Кочкор району боюнча башкармалыгы тарабынан Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнө салык жаатындагы укуктук мамилелердин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишими бекитилсин.
2. Семиз-Бел айыл аймагында салык жаатындагы укуктук мамилелер боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын тийиштүү түрдө аткарылышын уюштурууну жана көзөмөлдөөнү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Р. Базаркулов |