Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-январы № 30/2
Кочкор районунун «Кара-Күнгөй – Үкөк» СПА сын калыбына келтирүү иштерине түзүлгөн келишимге кепилдик берүүнү кароо жөнүндө
Кочкор районунун «Кара-Күнгөй – Үкөк» СПАсын калыбына келтирүү иштерине түзүлгөн келишимдин негизинде кепилдик берүү боюнча кайрылууну угуп, талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеӊеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор районунун «Кара-Күнгөй – Үкөк» СПАсын калыбына келтирүү иштерин жергиликтүү бюджеттен 25 пайызга чейинки баасын келишим негизинде каржылоонун алкагында Семиз-Бел айыл өкмөтү кепилдик берет.
2. Келишимдин шарттары боюнча бирикменин карызын кечиктирген учурда Семиз-Бел айыл өкмөтү өз каражатынан төлөп берет.
3. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Акишов Бурканбек Карыбекович Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги менен камсыз кылуу келишимине кол коюуга ыйгарым укуктуу болот.
Төрага | Р. Базаркулов |