Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-февралы № 31/1
Арсы айылындагы «Доскулу» дыйкан чарбасына тиешелүү айдоо жерлерин мыйзамдуу жагын кароо жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагындагы Арсы айылынын тургуну Алжанбаев Жолдошбек жетекчилик кылып келген «Доскулу» дыйкан чарбасына тиешелүү №5 участогундагы пайдаланып жүргѳн 30(отуз) га айдоо жердин мыйзамдуулугун кароо жѳнүндѳгү жер комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагындагы Арсы айылынын тургуну Алжанбаев Жолдошбек жетекчилик кылып келген «Доскулу» дыйкан чарбасына тиешелүү №5 участогундагы пайдаланып жүргѳн 30(отуз) га айдоо жерге Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 11.12.1995-жылдагы №454 буйругунда пайдалануу мѳѳнѳтү кѳрсѳтүлбѳгѳндүктѳн жердин, мыйзамдуу жагын аныктап берүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясынан суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Б.Акишовго жана айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси С.Сыдыгалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Базаркулов |