Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-февралы № 32/1
Семиз-Бел айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссиясынын курамына-резервине талапкерди сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум ɵткɵрүү боюнча шайлоо комиссиялары жɵнүндɵгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесине жана Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын өкүлдөрүнүн, коомдук уюмдардын, жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын чогулуштарынын Семиз-Бел айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча келип түшкөн протоколдорун карап чыгып жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеӊеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагындагы № 4140 Семиз-Бел, № 4141 Кара-Тоо, №4142 Арсы, № 4143 Чекилдек шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөткөн жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын протоколдору бекитилсин.
2. Семиз-Бел аймактык шайлоо комиссиясына участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине тизмеге ылайык талапкерлердин тиешелүү документтери Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
3. Сунушталган участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерди бекитип берүү жагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | Р. Базаркулов |