СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXII-сессиясы
2020-жылдын 21-февралы № 32/ 2
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы «Нурбак айыл аймагын ѳнүктүрүү фонду» мекемесин уюштуруу жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагын ѳнүктүрүүнүн пландаштыруу жагында айыл аймагына караштуу жер аянттарын иштеткен ишканалардан, жеке ишкерлерден жана башка ишканалардан жардам катары түшкѳн акча каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу» мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн алдында «Нурбак айыл аймагын ѳнүктүрүү фонду» мекемеси түзүлсүн.
2. Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында «Нурбак айыл аймагын ѳнүктүрүү фонду» мекемесин түзүү жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнун башчысына «Нурбак айыл аймагын ѳнүктүрүү фонду» мекемесин директорун, бухгалтерин жана байкоочу Кеӊешинин 7 ден кем эмес мүчөсүн, төрагасын бекитүү жагы тапшырылсын.
4. Ѳнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүүнү уюштуруу жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин тѳрагасына жүктѳлсүн.
Төрага | Р. Базаркулов |