Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-февралы № 32/3
Кочкор айыл ѳкмѳтү менен түзулгѳн келишимдин мѳѳнѳтүн узартуу жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Семиз-Бел айылынын «Чычканчы» участкасынан №248,3 контурундагы эски карьердин ордунан 1(бир) га асылдуулугу тѳмѳн таштак жерин катуу турмуш тиричилик калдыктарын жайгаштыруу үчүн полигонго келишимдин негизинде Кочкор айыл ѳкмѳтүнүн пайдалануусуна берүү жѳнүндѳгү Семиз-Бел айыл башчысынын малыматын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл ѳкмѳтү менен Кочкор айыл ѳкмѳтүнүн ортосунда түзүлгѳн келишим мѳѳнѳтү 1 (бир) жылга узартылсын жана Семиз-Бел айылынын «Чычканчы» участкасындагы №248,3 контурунан 1(бир) га эски карьердин ордунан асылдуулугу тѳмѳн таштак жерин Кочкор айыл ѳкмѳтүнѳ катуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруу үчүн полигонго келишимдин негизинде 1(бир) жылдык мѳѳнѳткѳ пайдаланууга берилсин.
2. Семиз-Бел айылынын «Чычканчы» участкасынан эски карьердин ордунан катуу турмуш тиричилик калдыктарын жайгаштыруу үчүн эки тараптуу келишим түзүлсүн.
3. Келишимдин негизинде пайдаланууга берилген жер участкасынан түшкѳн каражаттарды Семиз-Бел айылынын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалсын жана түшкѳн каражаттарды ѳз убагында которуп берүү жагы айыл ѳкмѳтүнун ФЭБ башчысы А.Касымовага милдеттендирилсин.
4. Кочкор райондук мамлекеттик салык кызматынын 30-январь 2020-жылдагы чечиминин негизинде,бѳлүнүп берилген жердин 2019-2020жылдары үчүн айыл чарбасына жараксыз багытындагы салыгын тѳлѳп туруу жагы Кочкор айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеӊештин тѳрагасына тапшырылсын.
Төрага | Р. Базаркулов |