Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 04-марты № 33/1
Семиз-Бел айылынын тургуну Б.Эликбаевдин арызын кароо жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын Семиз-Бел айылынын тургуну Б.Эликбаевдин арызына ылайык 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында борбордук Ала-Тоо аянттында Бакиевдик бийликтин огунан шейит кеткен Семиз-Бел айылынын тургунун Эликбаев Тѳлѳбек Үркүнчиевичтин жаркын элесин түбѳлүккѳ калтыруу жана Апрель элдик революциянын 10-жылдык юбилейине карата Баатырдын ысымын, ѳзү туулуп ѳскѳн Семиз-Бел айылынын кире беришиндеги сайдагы кѳпүрѳгѳ берүү жѳнүндѳ кайрылуусун карап, таанышып талкуулап, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген Жобонун 7-пункутуна ылайык Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын Семиз-Бел айылынын кире беришиндеги сайдагы кѳпүрѳгѳ «Апрель Баатыры Семиз-Бел айылынын тургуну Эликбаев Тѳлѳбек Үркүнбекович атындагы кѳпүрѳсү» деп атын ыйгаруу жагы сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеӊештин мандат депуттатык иш,этика мыйзамдуулукту сактоо жана адамдардын укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Базаркулов |