Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры №33
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн бюджетине, Кыргыз Республикасынын бюджетинин эсебинен түшкөн 306,1мин сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн сметасына бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы А.Каттабековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айыл өкмөттөгү социалдык муктаждыктагы маселелерди тез арада чечүү үчүн, Кыргыз Республикасынын бюджетинин эсебинен максаттуу пайдаланууга түшкөн, акча каражатын тийиштүү жумуштарды аткарууга бөлүп берүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги Х-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн, Ак-Сай айылынын Бакай участкасындагы элдерди электр жарыгы менен камсыз кылуу үчүн, республикасылк бюджеттен түшкөн акча каражатынын эсебинен 260, миң сом 3111-статьясына коюлуп бөлүнүп берилсин.
2. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылындагы элди таза суу менен камсызь кылуу үчүн республикаылк бюджеттен түшкөн акча каражатынын эсебинен 46,1мин сом 3111-статьясына коюлуп бөлунүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткаруу боюнча тийиштүү иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчы С.Анаровго милдеттендирилсин.
4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин финансы, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Талиев |